Ысык-Көлдө өгөй атасы зордуктады делген кыздын апасы: "Кымындай кызыма кантип зөөкүрлөрчө мамиле жасады?"

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдө 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалгандыгы кабарланган.

SUPER.KG порталына өзүн шектүүнүн карындашымын деп тааныштырган Наргиза Деркенбаева байланышып, окуя боюнча үн катты.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери агасын коркутуп, ур-токмокко алган.

“Мен шектелип жаткан агамдын колунда чоңойдум. Анын мындай жолго барарына такыр ишенбейм. Анткени агам бирөөгө зыяны жок, жаш баланы өтө жакшы көргөн киши. Өгөй кызын да өз кызындай көрүп, жакшы мамиле жасачу. Ал кыз да ата деп кайрылчу. Экөөнүн ата-баладай жакшы мамилесин кошуналары да айтып келишет. Агамды биринчи аялы таштап кеткенде эки баласын өзү чоңойткон. Агамды жок жерден эле түрмөгө камап жатышат. Анын кийимдери тытылган. Кылбаган кылмышын моюнуна алдыруу максатында милиция кызматкерлери коркутуп, ур-токмокко алып жатышат деп ойлойм. Жок жерден күнөөсүз эле киши камалып кетпеши үчүн акыйкаттыкты суранат элек”, - дейт шектүүнүн карындашы.

Мындан сырткары зордукталды делген кыздын апасы биринчи күйөөсүнүн үстүнөн да арыз жазып, ал өмүр бою эркинен ажыратылганын айтты. Ага да “улуу кызымды зордуктап салды” деген айып такканын кошумчалады.

Биз бул окуя бир тараптуу болбошу үчүн зордукталды делген кыздын апасына дагы байланыштык. Сүйлөгөн сайын көзүнө жаш алган эне буларга токтолду.

“Өз кызымды кантип мындайга кыят элем? Мен деген энемин го. Кантип болбогон нерсени айтып арыз жазайын. Кыздарымдын келечеги үчүн жок жерден мындай кадамга барбайм да. Мурунку жолдошумдун ушундай кадамга барып түрмөдө отурганын азыркы жолдошум билет болчу. Ал улуу кызымдын өзүнүн атасы болчу. Ошонун баарын билип, жан дүйнөмдүн абалын билип туруп кантип ушул кадамга барды? Азыркы абалымды сөз менен айтып жеткире албайм. Кымындай кызыма кантип зөөкүрлөрчө мамиле жасады, акылыма сыйбай турат. Менин бир гана талабым мыйзам чегинде чара көрүлсүн”, – дейт жабырлануучунун апасы.

Маекти улай албай, токтоно албай ыйлап жибергенде сөзгө анын бир тууган эжеси кошулду.

“Сиңдим менен анын кызы өтө жаман абалда турушат. Кызы болсо такыр сүйлөбөй калган. Сиңдим күнү-түнү иштеп жолдошунун балдарын кошуп бакты эле. Мындай акмакчылыкка барганын кечирип болбойт. Кыздын келечектеги тагдыры эмне болот, аны да ойлош керек. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кыздын зордукталганы далилденди. Кыздын жатыны айрылып кеткенин айтышты. Бир жыл бою ушундай кылыкты кылып жүргөнүнө зээним кейийт. Анын ушундай кадамга барарына мен толук ишенем. Себеби менин сиңдилериме да тийишип жүргөн учурлары болгон экен. Эми бул окуя ачык айтылганда, алар да айтып жатышат. Мындайлардын орду түрмө, алар коомго коркунуч жаратат”, - дейт жабырлануучу кыздын апасынын бир тууган эжеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jigit.1982
2022-09-08 21:16:00
Ал жагын эми Кудай билет. Эмне учун эки кызын эки атасы зордуктады. Тообо кылалы. Бул аялда да бирдеке бар. Куйоосу менен келишпей калганда турмого тыгамын деп ушул ишке баратпыкен. Эми бул аялдын кыздарын да озун да эч ким албайт.
+1
SHAHDAR
2022-09-10 09:02:00
Мына ушундай оор абалдардан кийин тергоочулор адилеттуу болуш керек. Олум жазасы деп бакылдап жатабыз, бейкуноо адамдар кете берет да дарга асылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан