8-сентябрь күнү Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнө салды. Улуу Британиянын ханышасы эле эмес, дүйнөдөгү эң таасирдүү лидерлердин сап башында туруп келген Елизавета II тууралуу баяндап беребиз.
Елизавета II ханзаада Альберттин улуу кызы. Ал 1926-жылы 21-апрелде туулган. Ал кезде бийликте чоң атасы Георг V турган. Маркум ханышанын толук аты-жөнү Елизавета Александра Мария. Аты апасы Елизавета Боуз-Лайондун урматына коюлган.
1936-жылы падыша Георг каза болгондон кийин так Эдуард VIII'ге өткөн. Бирок ал сүйүктүүсү Уоллис Симпсон (америкалык айым болгон) үчүн тактан баш тарткан. Ошентип бийлик Елизаветанын атасына өткөн. Ал 1937-жылы Георг VI катары падыша аталган.
Такка Георг VI'нын иниси Генри келиши керек эле, бирок ал бийликтен баш тарткандыгына байланыштуу кийинки ханыша Елизавета болору анык болгон. Ал учурда болочок ханыша болгону 11 жашта эле. Ханбийке Елизавета сарайдан эң мыкты мугалимдерден гуманитардык жана так илимдер боюнча билим алган, бирок өзгөчө басым укук, эл аралык мамилелерге жасалган. Ошондой эле француз тилин өз алдынча үйрөнүп, мыкты деңгээлде өздөштүргөн.
Төмөндөгү сүрөт Елизавета Экинчи дүйнөлүк согуш маалында унаа айдап жана аны оңдоп жаткан кезинде тартылган.
1940-жылы Елизавета радио аркылуу элге алгачкы жолу кайрылуу жасаган. Болгону 13 жаштагы ханбийкенин согуш маалында жабыр тарткан балдарды колдоп сөз сүйлөгөнү көпчүлүктүн жүрөгүн жылытып, элдин алкоосуна татыган.
Ал эми 1943-жылы ханбийке расмий түрдө кеңешчи кызматына киришкен. Ал атайын аскердик окуудан өтпөсө да аялдардын өзүн коргоо отрядында мүчө болгон, ошондой эле санитардык унаа башкарууну үйрөнүп Британиянын айымдарына үлгү боло алган.
1947-жылы өзүнүн туулган күнүндө радио аркылуу британ элине кайрылуу жасап, бүткүл өмүрүн Британияга арнай тургандыгын жар салган. Ошол эле жылы Даниянын ханзаадасы Филипп менен никелешкен.
1951-жылы атасынын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап, мамлекеттик иштерге ар дайым катыша албай калгандыгына байланыштуу Елизавета бийликке толук кандуу киришкен. 1952-жылы Елизавета жолдошу Филипп менен Кениядагы мейманканалардын биринде жүргөндө атасы каза болгон. Мейманкана дарактардын арасында болгондуктан "адамзаттын тарыхында даракка ханбийке болуп чыгып, дарактан ханыша болуп түшкөн Елизавета" деп айтып жүрүшкөн.
Елизавета 1953-жылы 2-июнда расмий түрдө ханыша болуп такка отурган. Тарыхый учур улуттук британ телеканалында түз эфирде чагылдырылып, аны миллиондогон британдыктар карап турган.
Елизавета II'нин жеке жашоосу
Елизавета менен ханзаада Филипп алгачкы жолу 1937-жылы таанышкан. Елизавета ханзааданы жактырып калып, ага дароо кат жазган. Бул кат алышуу бара-бара сүйүүгө айланган. Бирок кызынын тандоосуна атасы караманча каршы чыккан. Себеби Филипптин атасы Адольф Гитлер менен дос болгон. Ага карабастан 1940-жылы Елизавета менен ханзаада Филипп жашыруун никелешип алган соң, атасы экөөнүн мамилесин кабыл алууга мажбур болгон. Елизавета үчүн Филипп падышалык титулунан баш тартып, православдык ишениминен католикке өткөн. Мындан улам экөөнүн махабаты Британиянын сүйүү эталону деп да аталган жайы бар.
Жубайлар 4 балалуу болушкан: ханзаада Чарльз (1948), ханбийке Анна (1950), ханзаада Эндрю (1960) жана ханзаада Эдвард (1964).
Падышалык үй-бүлө менен байланышкан бир канча чуулгандуу окуялар бар. Мисалга алсак, падышалык үй-бүлөнүн аброюн сактап калуу үчүн 1997-жылы уулу Чарльз менен келини Диананы ажыраштырган ханыша коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Кийинчерээк ханышанын чечимин көпчүлүк туура деп баалаган. Көп өтпөй ханбийке Диана 1997-жылы автокырсыктан каза болгон.
Ошондой эле жакынкы жылдары эле ханзаада Гарри менен жубайы Меган Марклдын мамилесин кабыл албай койгон. Мунун себебин ал Меган Маркл актриса болгону жана буга чейин мыйзамдуу никеде турганы менен түшүндүргөн. Меган Маркл падышалык үй-бүлөгө нааразычылыгын билдирип, ханышаны расалык бөлүүгө айыптап маек бергени көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон.
Мындан тышкары герцог Филипптин жээни Ивар Маунтбеттен бир жыныстуу никеге туруусу чоң чуу жараткан. Ал Жеймс Койл аттуу кишиге үйлөнгөн. Бирок алардын тоюна падышалык үй-бүлөдөн эч ким катышкан эмес.
Ал эми ханышанын жолдошу Филипп 2021-жылы 9-апрелде 100 жашка чыгарына 2 ай калганда дүйнө салган.
Төмөндө ханыша Елизавета II тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
1. Ханышанын бала кезинде Лилибет деген лакап аты болгон. Себеби ал бала кезинде атын толук айтууга тили келчү эмес;
2. Елизавета II кичинекей кезинен бери жаныбарларды абдан жакшы көрчү. Өзгөчө вельш-корги породасындагы иттерди абдан жакшы көрчү. Анын бул породадагы бир канча ити болгон;
3. Ханыша айым Британиядагы паспорту жок жалгыз адам. Себеби ага бардык документтер өлкөнүн ханышасы катары берилет;
4. Саркеч кийимдери, өзгөчө кооз шляпалары менен өзгөчөлөнгөн ханыша иш сапарларга ар дайым чоң жүк менен чыкканы көпчүлүккө маалым;
5. Мыйзамга ылайык, ханыша салык төлөөгө милдеттүү эмес, бирок ал өз ыктыяры менен салык төлөп келген;
6. Ханышага күн сайын миңдеген каттар келет, аларды жоопсуз калтырбаганга аракет кылып күнүнө 10дон ашуун катка жооп берет. Өмүрүнүн аягына чейин ханыша 3 миллиондон ашуун катка жооп жазган;
7. Прессага маалым болгондой, ханышанын сумкасы кызматкерлери үчүн белги берүүчү курал болуп саналчу. Мисалы кандайдыр бир иш-чарадан тезирээк кетүүнү каалап жатса, сумкасын столдун үстүнө коёт, эгер сумкасын жерге койсо демек ханышага тез арада жардам керек болгон белги.