Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

"Жер титирөө түнкү саат 02:29да орун алды", - деп айтылат маалыматта.

Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-FREEDOM-
2022-09-09 11:12:00
Оа,тундо 2 жарымда титиреди
0
bosmos77777
2022-09-09 12:36:00
Жараткан Тенирим Кырыз Элимди жана жеримди сактагын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан