УКМК: "Ошто эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды" (фото)

Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кабарлангандай, алар Түркия-Кыргызстан каттамы боюнча афган тектүү «чарс» баңгизатын ташуу менен алектенип келген.

Кармалгандар Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары экени белгилүү болду. Алардын катарында коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү О.Н., Ш.Т. жана Т.З. аттуу жарандар кармалган. Жалпы салмагы 17 килограмм 192 грамм афган тектүү «чарс» баңги заты табылып алынган.

Кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан