Балыкчыда акча уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, 5-сентябрда Балыкчы ШИИБне арыз менен Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын О.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ошол күнү саат 10:30 чамасында Балыкчы шаарында жайгашкан «Алтын Сандык» тамактануучу жайынан кара түстөгү кол сумкасын, ичиндеги 300 АКШ доллары, 4 миң сом суммасындагы акчасын жана документтерин белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Балыкчы шаарынын 1973-жылы туулган Ж.Р. жана 1981-жылы туулган Т.К. аттуу жарандарды колго түшүргөн.
Шектүүлөр алгачкы суракта эле күнөөлөрүн толук моюнуна алып жана далил зат катары жабырлануучуга тиешелүү акча жана документтер алынган. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди.