Чет элдик ишкердин ишенимине кирип, анын акчасын алып алгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы таратты.
Кармалгандар Д.М. жана С.А. аттуу кыргыз жарандары. Алардын бири "Азия MIX" командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев (Маратик) экенин жергиликтүү басылмалар жазууда.
“Алар жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында “Спекулант” ЖЧКсынын башкы директору, Орусиянын жаранынын ишенимине кирип, анын маселелерин укук коргоо органдарында чечүүгө көмөктөшүүнү убада кылып, чет элдик валютадагы ири суммадагы акча каражатын алышкан”, - деп айтылат маалыматта.
Берген убадаларын аткарбаганы аз келгенсип, орус жаранынын жакындарына кысым көрсөтүшкөн. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу менен жеке тааныштыгы бар экендигин айтышкан.
Сотко чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Д.М.С. жана С.А.К. кылган ишин моюнуна алышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.