Таласта жансыз денеси табылган Тагдыр аттуу жарандын аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү Кара-Буура аймактык ооруканасынан билдирүү келип түшкөн. Анда 1985-жылы туулган Тагдыр аттуу жарандын жансыз денеси ооруканага жеткирилгени кабарланган. Бул факты боюнча Кара-Буура РИИБинин ыкчам тергөө тобу маркум жашаган мал сарайга кароо жүргүзгөн.
"2022-жылдын 4-сентябрь күнү маркумдун денесине сырткы кароо жүргүзүлүп, эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Маркум болжол менен 35-42 жаш курагында. Ал малчы болуп 2019-жылдын күз мезгилинен бери жалданып иштеп жүргөн. "Мен Кудайдын баласымын, ата-энемди тааныбайм, көргөн дагы эмесмин" деп айтып жүргөн", - деп жазылат маалыматта.
Маркумдун аты-жөнүн тактоо максатында тиешелүү органдарга багыттамалар жөнөтүлгөн. Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Аймактык милиция сүрөттөгү адамды тааныган же билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: Байланыш телефону: 0707848884, 0552848984, 0778 434 302 же 102.