Ысык-Көлдө тоноого шектүүлөр 2 айга камакка алынды

Ысык-Көлдө тоноого жана опузалап акча талап кылууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү милицияга территориалдык ооруканадан 1994-жылы туулган Ш.А жана 1992-жылы туулган М.Э. аттуу жарандар денесинен алган жаракаттары менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча териштирүү жүргүзгөн учурда 6-сентябрь түнкү саат 01:00 чамасында жабырлануучулар жашаган батирине белгисиз үч азият улунтундагы адамдар кирип сабап, күч колдонуу менен «Хонор 8», «Редми ноут 11» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун, акча каражатын жана Ш.А.га таандык болгон Мерседес Бенц үлгүсүндөгү автоунаасынын ачкычын ээлеп алгандыгын аныкташкан.

Ошондой эле аталган буюмдарды кайтарып берүүгө 500 миң сом акча каражатын жабырлануучулардан опузалагандары да маалым болгон.

Аталган факты боюнча 206-берененин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталган. Алар 1997-жылы туулган Тоң районунун тургуну Т.К., 1994-жылы туулган Түп районунун тургуну И.М. жана 1994-жылы туулган Жети-Өгүз районунун тургуну Ө.С. болуп чыкты.

Шектүүлөр алгачкы суракта күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан