Бишкекте Улуттук гвардиянын жоокерлери кыз зордуктоого шектелүүдө. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, зордуктоо 5-сентябрь күнү Бишкектеги Сыдыков көчөсүндө болгон.
Өз кезегинде Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү бул маалыматты тактады. Милициядан билдиришкендей, бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүп берилген.