Мушкерлер Хамзат Чимаев менен Нейт Диастын беттешинин алдындагы маалымат жыйыны болбой калды. ЖМК менен байланыш адаттан тыш форматта өттү.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун Лас-Вегаста дем алыш күндөрүнө белгиленген UFC 279 турниринин катышуучуларынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясы өтүшү керек болчу. Бирок иш-чара жокко чыгарылды. Маалымат жыйын алдында мушкер Хамзат Чимаев менен турнирде беттешке чыга турган америкалык мушкер Кевин Холланддын ортосунда жаңжал чыккан.
Жаңжалга Чимаевдин атаандашы Нейт Диас дагы аралашкан. Жыйынтыгында массалык мушташ орун алып, ага 100дөй адам катышкан.
Мушташка Кевин Холланддын командасынан 57 адам, Хамзат Чимаевдин командасынан 30дай адам катышканы аныкталган.
Өз кезегинде UFC уюмунун президенти Дана Уайт мушкерлерге айып пул салынарын билдирген. Бирок турнир өтөт.