1-августта Бишкектеги Панфилов көчөсүндө таштанды челектердин жанынан зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен каттоого алынган. Бул кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү маркумга бычак сайган жана ал ошол жерден каза болгон.
Милиция маркумдун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Маркумдун жашы 30-35 жашта.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, салмагы 65-70 килограмм, чачы кара, көзү күрөң.
Кийген кийими: көк жынсы шым, кочкул көк түстөгү футболка.
Милиция маркумду тааныгандар же ал тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюуну өтүнөт: 0 (704) -102-702, 0 (312) -54-32-48 же 102.