"Гераеи менен жарым финал болушу мүмкүн". Акжол Махмудов кимдер менен күрөшөрү белгилүү болду

Бүгүн, 9-сентябрда Белградда өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган балбандардын чүчү кулагы тартылды.

Анда эртең, 10-сентябрда килемге чыга турган Акжол Махмудовдун алгачкы атаандашы аныкталды. Кыргыз балбанынын алгачкы атаандашы бразилиялык Жоилсон Де Брито аттуу балбан болду.

Ошондой эле Акжол Махмудов жарым финалга чейин Арам Варданян, Ким Хён У аттуу күчтүү делген балбандар менен күрөшүшү мүмкүн. Эгерде жарым финалга чыкса, анда ирандык дагы бир фаворит Мохаммадали Гераеи менен күрөшүшү толук мүмкүн.

Дүйнө чемпиондугу эртең, 10-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан