Бүгүн, 11-сентябрда күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов (97 кг) атаандашына акыркы ыкма жасап (1:1) жеңишке жетишти.
Ал польшалык балбан Тадеуш Михалик менен күч сынашты.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.