Күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов (97 кг) экинчи айлампада америкалык Брэкстон Амосту 5:2 эсебинде жеңди
Эми чейрек финалда армениялык балбан Артур Алексанян менен килемге чыгат.
Белгилей кетсек, Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышууда, алардын үчөө кыздар.