"Агайларды кучактап". Акжол Махмудовдун Дүйнө чемпиону болгондон кийинки эмоциясы (видео)

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Акжол Махмудов күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта алтын байге утту.

Финалда Акжол Махмудов венгриялык Золтан Леваи аттуу балбан менен кез келип, биринчи бөлүктө эле 0:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Акжол Махмудов атаандашын жеңгенден кийин түз эле машыктыруучу агайларын барып кучактады. Андан кийин жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов жана улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев үчөө Кыргызстандын желегин желбиретишти.

Акжол Махмудовдун Дүйнө чемпиону болгондон кийинки эмоциясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kebranum
2022-09-12 01:48:00
Мен женгендей эле суйунуп козумо жаш алдым
+2
kebranum
2022-09-12 01:50:00
Мындан дагы кооп жеништерди багынтышты Аллах насип кылсын. Жениш кут болсун Кыргызстан. Бул жалпы Кыргызстандын жениши.
+2
Аkjol18
2022-09-12 07:35:00
Азаматсың Акжол,желекти желбиретип жүрө бер дайыма!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан