Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Акжол Махмудов күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта алтын байге утту.
Финалда Акжол Махмудов венгриялык Золтан Леваи аттуу балбан менен кез келип, биринчи бөлүктө эле 0:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Өз кезегинде эки жолку Олимпиада оюндарынын чемпиону, атактуу орусиялык балбан Роман Власов Акжол Махмудовду жеңиши менен куттуктап, социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазды.
"Дүйнө чемпиону! Акжол, сени куттуктайм. Бул аябай кыйын болду. Жөн гана эркек!", - деп жазды Власов.