Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.
Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күнүндө күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыгат.
Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт. Анда кыргыз балбаны Марат Гарипов (Бразилия) - Кристиан Кечкемети (Венгрия) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштайт. Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө Биляна Дудова (Болгария) - Амелин Дуар (Франция ) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алат.