Баткенде экстремисттик материалдарды социалдык тармактарда жайылтып жүргөн жаран кармалды

Баткенде экстремисттик жана террордук мүнөздөгү материалдарды социалдык тармактарда жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кабарлангандай, ал Кадамжай районунун 27 жаштагы Э.А. аттуу тургуну. Ал социалдык тармактар аркылуу ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” - Ирак, Шам ислам мамлекети (ИГИЛ) экстремисттик жана террордук уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, жогорудагы уюм Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылдын 13-декабрь күнү террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан