"Айдоочу каза болду". Чүйдө мотоцикл менен Ford Transit унаасы сүзүштү

Чүйдүн Москва районунда жол кырсыгынан мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кырсык 11-сентябрда саат 07:00дө Сретенка айылынын борбордук көчөсүндө орун алган. Анда белгисиз айдоочу Днепр мотоцикли менен сүзүшүп, кырсык болгон жерден качып кеткени айтылат.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, кырсык болгон жерден качып кеткен Форд Транзит унаасынын айдоочусу, 1976-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.

Кырсыктын кесепетинен Сретенка айылынын тургуну, мотоциклдин айдоочусу Ч.А. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле мотоциклдин дагы бир жүргүнчүсү, 2005-жылы туулган А.А. жаракат алганы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан