Интернет айдыңында "Эмне үчүн Улуттук телерарадио берүү корпорациясы (УТРК) күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун көргөзбөй жатат?" деген суроо талкууга алынууда.
Мындан улам КТРК Спорт телеканалынын продюсери Шайырбек Арапов бул боюнча үн катты. Анын айтымында телеканалдын түз эфирден көрсөтүүгө лицензиясы жок. Лицензияны алуу дагы кымбат.
"Урматтуу спорт күйөрмандары, Эмне үчүн КТРК Спорт күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын көрсөтпөй жатасыңар деген суроолор келүүдө. Ооба, көрсөтпөй жатабыз. Анткени бизде лицензия жок, лицензия абдан кымбат турат. КТРК Спорт контент, лицензия сатып алсын деп мамлекет тарабынан, бюджеттен акча каралган эмес. Кандай спорттук иш-чараларды чагылдырып жатсак, ошонун баары мүмкүнчүлүккө жараша болууда.
"КТРК оператор жибериптир, бирок түз эфир чыгарбай жатат" деп күнөө койгондор үчүн айтаарым, КТРК оператор жиберген жок, жиберген күндө да оператор тартып, түз эфирге чыгара албайт. Анткени Дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW өз контентин толугу менен көзөмөлдөп, коргоп турат. Лицензия үчүн акча керек, мурда жарнама аркылуу лицензиялар алынып турган. Компаниялардын баары интернет жарнамага өтүп кеткендигине байланыштуу акыркы жылдары андай жарнама кирбей жатат. Өлкөбүздөгү компанияларга бартер менен иштешүүгө канчалаган сунуштарды жиберебиз, бирок алар иштешүүгө макулдук бербей келет", - дейт ал.
Ошондой эле ал Дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW сунушталган суммага макул болсо, 2023-жылдан баштап сөзсүз көрсөтүүлөрдү чыгарарын белгиледи.
"Азыркы учурда 2023-жылга карата күрөш боюнча турнирлердин лицензиясын алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер Дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW биз сунуштаган суммага макул болсо, сөзсүз 2023-жылдан баштап көрсөтөбүз. Лицензия жок болсо да КТРК Спорт телеканалынын комментатору өз убагында интервьюларды алып, бизге жаңылыктарга жиберип жатат. Сиздердин айыптоолорду туура түшүнөм, бирок биздин азыркы учурдагы бюджетибиз лицензия алууга жол бербейт", - деди Арапов.