Бишкекте жөө өтмөктөн кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, болжол менен саат 10:00дө Медеров – Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Королла үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кыз учурда ооруканада экени айтылат.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.