Коррупцияга шектелип Сокулук райондук аскер комиссариатынын башчысы кармалды

Коррупцияга шектелип Сокулук райондук аскер комиссариатынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, кармалган кызматкер аскердик билеттерди берүүдө системалуу түрдө мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурган. Ал ушул жылдын 9-сентябрында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар болгон Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан