Бишкек - Стамбул каттамында акча уурдаган Кытай жараны кармалды

Сокулукта учакта акча уурдаган Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Кабарлангандай, Сокулук райондук милициясына арыз менен П.И. аттуу Орусиянын жараны кайрылып, арызында 7-сентябрга караган түнү Бишкек - Стамбул каттамы менен келе жаткан учактын бортунда белгисиз адамдар 6 миң 700 долларын уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип 1984-жылы туулган З.Х. аттуу Кытай жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан