“Төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдап...”. Кара-Суу районунда кылмыштуу топ кармалды

Оштун Кара-Суу районунда төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ушул жылдын 1-сентябрында милицияга арыз менен Кара-Суу районунун тургуну, 65 жаштагы Ю.М. аттуу жаран кайрылган. Арызында ошол эле күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Нариман айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде (Нур-Телеком) компаниясынын төлөм терминалын белгисиз жарандар уурдап кеткенин жазган.

Бул факты “уурдоо” беренеси менен каттоого алынып, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Анын натыйжасында, 6-сентябрь күнү 24 жаштагы И.Б. жана 27 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалган.

Алар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан