"Адегенде көкүрөккө атып, андан соң бычак сайган". Баткенде үрөй учурган кылмыш ишке сот чечим чыгарды

Баткен облусунун Лейлек райондук соту уктап жаткан кишини өлтүрүп кеткен эки жаранга чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайты өкүмдү жарыялады.

Маалыматка ылайык, айыпталуучулардын бири киши өлтүрүү, курал-жарак жана баңгизат сактагандыгы үчүн 20 жылга эркинен ажыраталды. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылган. Ошондой эле жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнүн пайдасына 266 миң 960 сом материалдык чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми кийинки айыпталуучу беш жылга эркинен ажыратылды.

“Каза болгон жарандын сүйлөшкөн кызын кылмышкерлердин бири жактырып калган. Анын жакында үйлөнөрүн уккан соң атаандашын физикалык жактан жок кылууну чечкен. Ал адегенде жабырлануучуну көкүрөгүнө атып, андан соң бычак сайган. Алар кылмышка алдын ала даярданышкан”, - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган каргашалуу окуя былтыр Баткен облусунун Раззаков шаарында катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан