“Милиция кызматкери 10 жыл бою аялын жана анын эжесин сабап келген”. Ысык-Көл ОИИБи окуя боюнча териштирүү баштады

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен келин милицияга арыз менен кайрылган. Арыpда 10 жылдан бери күйөөсү тарабынан такай ур-токмокко алынып келгени жазылган. Текшерүү иштеринин учурунда күйөөсү Түп райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери экени белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

"Арыз Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына август айынын соңунда келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Кабарлангандай, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жыйынтыктыгы азырынча даяр эмес.

Милицияга жабырлануучунун эжесинен да арыз түшкөнү маалым болду. Ал сиңдисинин күйөөсү аны да сабап, коркутуп жатканын айткан. Бул боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2022-09-13 11:50:00
Арыр дегенинер неси,?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан