Ош шаарында баңгизаттарды саткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-август күнү Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “М” аттуу жаран ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бардыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.
"Ош шаарындагы мейманканалардын биринин алдында Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана Өзбекстан Республикасынын А.Н. аттуу жараны кармалып, тинтүү жүргүзүү учурунда кара баштыктын ичинен ооган өндүрүшүндөгү "гашиш" (чарс) баңгизаты табылган.
Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат ооган өндүрүшүндөгү 1 килограмм 36 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө жүргүзүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.