"27 миң сомдук телефон жана 13 миң сомун алып кеткен". Бишкек шаарында тоноого шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарынын М.Ж. аттуу тургуну күч колдонуу менен тоноп кеткен адамдарга чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз жазган. Анда 21-август күнү белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп, баасы 27 миң 800 сомду түзгөн Poco X3 үлгүсүндөгү телефонун жана 13 миң 800 сом өлчөмүндөгү акчасын алып кетишкен.

Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 206-берене (тоноо) боюнча катталган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.А., 1992-жылы туулган К.А. жана 1987-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

"Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги такталууда. Эгер сүрөттөгү жарандардан жабыр тарткандар болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап койсо болот: 0 702 17-45-35, 0 772 80-30-38, 0 312 43-28-15 жана 102", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан