"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси жана Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болгон германиялык Франк Штеблер Акжол Махмудовду Дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.
"Акжол досум, Дүйнө чемпиону болушуң менен куттуктайм", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Штеблер.
Франк Штеблер Токио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында коло байге жана үч жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген ("Лас-Вегас-2015"), ("Париж-2017"), ("Будапешт-2018"). Ошондой эле эки жолу Европа чемпиону болгон.
Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл июнь айында Акжол Махмудов дал ушул балбандын карьерасын жыйынтыктоочу турнирине катышуу үчүн Германияга барган.