Маркумдун сөөгү жайлоодогу суунун жээгинен табылган. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда киши өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Маалыматты облустук милициядан маалымдашты.

Маалымдалгандай, шектүүлөр Ноокат районунун 23 жаштагы Н. уулу М. жана 19 жаштагы А. уулу Н., аттуу тургундары экени аныкталды. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде "адам өлтүрүү" кылмыш иши козголгон.

Буга чейин, 3-сентябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын Капка жайлоосунда жайгашкан суунун боюнан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы айтылган. 5-сентябрь күнү табылган жансыз дене Ноокат районунун Өрнөк айылынын тургуну 1978-жылы туулган Н.Б., экендиги аныкталып, сөөгү жакындарына өткөрүп берилген болчу.

Маркумга соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча маркум миздүү нерседен алган жарааттан каза болгондугу белгилүү болгон.

Учурда кылмыш боюнча тергөө амалдары уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан