Аскер прокуратурасы зордуктоо фактысы боюнча Улуттук гвардиянын эки жоокерин кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарга Улуттук гвардиянын жоокерлери кыз зордуктоого шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Кечээ, 11-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан шектүүлөр У.А. жана А.Т. Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына жайгаштырылган.
Маалыматта айтылгандай, зордуктоо 5-сентябрь күнү Бишкектеги Сыдыков көчөсүндө болгон.