Лейлекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына катыштыгы бар жаран Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя үстүбүздөгү жылдын 5-январь күнү орун алган. Анда кармалган Т.К. аттуу жаран Мерседес-Бенц-Спринтер-318 үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып жол эрежелерин бузуп, каршы тилкеге өтүп, карама-каршы багытта келе жаткан Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каза болуп, унаадагы жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.
Азыркы күндө кармалган жаран Лейлек РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.