Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланды.
Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкты.
Ал жарым финалга чейин жетип, анда германиялык Луиза Нимесх аттуу балбан менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө Айсулуу Тыныбекова 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.