Жоламан Шаршенбеков Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.
Ал жарым финалда казакстандык Айдос Султангали аттуу балбан менен кез келди.
Кыргыз балбаны атаандашын 7:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңди.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Финалда кыргыз балбаны болгариялык Армен Назарян аттуу балбан менен күрөшөт.
Финалдык беттештер эртең, 13-сентябрда өтөт.