Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова япониялык балбанга жеңилип калды

Бүгүн, 12-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те уланды.

Жарым финалда кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкты. Анын жарым финалдагы атаандашы япониялык Нонока Озаки аттуу балбан кыз болду.

Айсулуу Тыныбекова оор беттештин жүрүшүндө япониялык балбанга 11:5 эсебинде жеңилип калды.

Эми Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт.

Былтыр Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпиондугунун финалында дагы Айсулуу Тыныбекова дал ушул Нонока Озакиге жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2022-09-13 07:49:00
Айсулуу сен биз үчүн дагы деле дүйнөнүн учурдагы чемпионусуң, дүйнөлүк рейтингде да биринчи орунда турасың, Кыргызстанга биринчи дүйнөлүк чемпионатынын алтынын алып келген адам болуп тарыхта калгансың.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан