Астанада бүгүн Тынчтык Ордосунун алдына
тургузулган жаңы жылдык балаты катуу шамалдан улам кулады. Өзгөчө кырдаалдар
департаментинин берген маалыматына караганда, жабыркагандар жок. Балатыны
тургузган "Эдварт" компаниясы бул окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.
Аба
ырайынын кескин өзгөрүшүнөн мектептер жабылып, шаарга кирүүлөр токтотулган. Бул
тууралуу казакстандык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эске салсак, өткөн жылы 22-декабрда Бишкектин борбордук аянтына орнотулган Жаңы жылдык балаты да кулаган эле.