Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда катталган өрт кырсыгынан эки кыз жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Бишкектеги Серпухов көчөсүндө катталган. Анда жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 13 жаштагы Н.Т жана 12 жаштагы К.С аттуу кыздар жаракат алышкан. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.