"Унаасын ижарага алып, аны үчүнчү жактарга сатып жиберген". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБине А.А. аттуу шаар тургуну Р. аттуу чала таанышына чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызда Р. аттуу жаран анын ишенимине кирип, Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын ижарага алып, аны үчүнчү жактарга сатып качып кеткени айтылган.

Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулгант Н.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бардык тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Милиция кызматы жогорудагы жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо төмөндөгү телефон номерлер аркылуу милицияга кабар берүүнү өтүнөт: 0 500 00-98-98, 0 701 99-99-14, 0 312 43-28-15 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2022-09-13 11:52:00
Бетин корбосон кантип айтасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан