Ысык-Ата районунда чет элдик жаранга бычак менен кол салууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине 3-сентябрда аймактык ооруканага 1998-жылы туулган А.В. аттуу Орусиянын жараны бычактан жаракат алып түшкөнү боюнча маалымат келген. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышты 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран жасаганы аныкталган жана ал окуя болгон күнү эле Казакстанга чыгып кеткендиги такталган. Ыкчам издөө аракеттеринин алкагында, кылмышка шектүү катары А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.