Чүй облусунун Ысык-Ата районунда аялын сабап өлтүргөн деген шек менен 40 жаштагы жаран кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан улам каза болгону жөнүндө маалымат милицияга түшкөн.
Бул факты боюнча дароо кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында, окуянын чоо-жайы такталган. Тагыраагы маркумдун күйөөсү, 1982-жылы туулган К.М. Красная Речка айылындагы үйүндө арак ичип олтуруп, аялы менен уруша кетип аны сабап салган. Натыйжада аялы ооруканада каза болгон.
Учурда шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.