Кыз зордуктоого шектелип жаткан Улуттук гвардиянын аскерлери Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына эки айга камалды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, зордуктоого шектелип жаткан аскерлер Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына эки айга камакка алынган.
Буга чейин социалдык тармактарга Улуттук гвардиянын жоокерлери кыз зордуктоого шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Кечээ, 12-сентябрда шектелип жаткан жоокерлер камакка алынган.