Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2021-2022-жылдары Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени аныкталган.
Мындан тышкары министр кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Тёплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо "Б" ЖЧКга жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
"Натыйжада энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2022-09-13 11:51:00
Жакшы карасанар 2 эмес 200дон ашатго
0
Taalaibek.
2022-09-13 13:43:00
Катуу жаза берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан