Кыргызстанда экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалды

Диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет элдик жаран кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кабарлангандай, чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жараны 8-сентябрь күнү колго түштү. Ал 2018-жылдан бери диний-экстремисттик идеологияны гана жайылтпастан, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап жүргөн.

"Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында, анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira27
2022-09-13 12:56:00
Жаштар көбүрөөк чыгармачыл ишке аралашкыла. Ошондо жаштарды диний экстримисттик ишенимдерден арылта алабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан