“Үмүт жана Ко” компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири Журат Абдуллаевдин үйүнөн табылган 822 миллион сом бюджетке чегерилди. Ал эми согуштук техника ИИМдин карамагына өткөрүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, УКМК тарабынан тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бири Абдуллаевге карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн.
Ишкердин үйүнөн курал-жарактар, атайын техника жана 822 миллион сом табылып, шектүү эки айга камакка алынган болчу.
Ошол эле учурда айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты моюнга алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ага карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берилди.
12-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен ал күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 000 сом айып пул төлөө каралды.