Ошто кыздын моюнундагы алтын чынжырчаны жула качкан жаран кармалды

Ош шаарында 22 жаштагы кыздын моюнундагы алтын чынжырчаны жула качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрь күнү кечинде болгон. Анда 22 жаштагы кыздын моюнундагы алтын чынжырчаны белгисиз адам жулуп качып кеткен.
Бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунан Ош шаарына келген, убактылуу ар кайсы батирде жашап жүргөн 1984-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран кармалган. Аны кармаган учурда уурдап качкан алтын чынжырча анын чөнтөгүнөн табылган, аны сатууга үлгүрбөй калган. Буюм ээсине кайтарылды.
"Шектүү мурда адам өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп келген. 12-сентябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө аяктаганга чейин 2 ай абакта кармоо чечими чыкты", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Ош ШИИБинин Ак-Буура милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул жарандан жабыр тарткандар болсо 0555-00-04-55 жана 03222-6-64-02 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан