Оштун Кара-Суу шаарында каракчылык кылып жүргөн үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын 11-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында милицияга Кара-Суу шаарынын убактылуу жашоочулары, Кытайдын эки жараны арыз менен кайрылган. Анда жашап жаткан батирине бет капчан, бычак менен куралданган эки адам кирип, үйүнүн ичинен 1500 долларын жана 50 000 сом акчасын карактап алышкан. Андан соң белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткенин билдиришкен.
Ушул эле күнү милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе шектүүлөрдү кармаган. Маалымдалгандай, кармалгандар Өзбекстандын жарандары. Бирок Ош шаарында убактылуу жашап келишкен. Алар: 25 жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С., жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М., экендиги аныкталды.
Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда алардын мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.