Индиянын Секундерабад шаарындагы мейманканага жанаша жайгашкан электр унаалары менен көргөзмө залында өрт чыгып, кеминде сегиз киши каза болду. Бул туурадуу India Today басылмасына таянып, Риа Новости жазды.
"Полиция келгенде көргөзмө залы менен мейманкананын ичи коюу түтүнгө толуп калган. Өрт өчүрүүчүлөр тепкичтин жардамы менен бир нече адамды сактап кала алышты. Куткаруучулар өйдө көтөрүлүп, эс-учун жоготкон алты адамды алып чыгышты", - деди жергиликтүү полициянын басма сөз катчысы Дипти Чандана.
Каза болгондордун баары мейманкананын коноктору экени такталган. Өрт учурунда ал жерде 25 адам болгон. Айрымдары өз алдынча сыртка чыкса, экөө терезеден секирип кетүүгө үлгүргөн.