Өз өлкөсүндө кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 10-сентябрда саат 23:10 чамасында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Б.Э. кармалган. Издөөнүн демилгечиси Түркиянын укук коргоо органдары болуп саналат.
"Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек 6 кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана эркектерге интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берген акчаларын алып жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда Б.Э. изин жашыруу максатында Түркия мамлекетинин аймагынан качып кеткен.
Шектүү жаран Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу максатында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Мындан тышкары Интерполдун улуттук борбордук бюросу менен Казакстандын улуттук борбордук бюросу биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. кармалган.
Азыркы учурда шектүү жаран Кыргызстанга экстрадицияланып, СИЗО-1ге киргизилген.