Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды

Ысык-Көлдө каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-сентябрь күнү милицияга Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 31 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү таңкы саат 05:30 чамасында Каракол шаарынын борборунан жашы болжол менен 18-20 жаштагы эки бала эч себепсиз сабап, 16 000 сом акчасын, Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телфонун, капчыгын жана кийимин күч колдонуп тартып алышканын жазган.

Арыз жазуу учурунда, жабырлануучу өзүн жаман сезип, акыбалы начарлай баштагандыктан милиция кызматкерлери аны Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө "Тез жардам" менен жеткиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, шектүүлөр кармалды. Алар Каракол шаарынын 19 жаштагы тургуну С.Б. жана Ак-Суу районунун Тепке айылынын тургуну У.А. экени аныкталып, алардан кылмышка тиешелүү далил заттар алынып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Кармалгандар алгачкы суракта күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан