Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн украиналык балбан кыз менен кез келип, 8:7 эсебинде жеңилип калды. Бул көрсөткүч менен Тыныбекова быйылкы Дүйнө чемпиондугунда медалсыз калды.